Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Муундан муунга мурасталган көчөт соодасы

Коом | 3 Апр 2019 | 781 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда өстүрүлгөн көчөттөр жол боюнан эле өлкөнүн бардык аймактарына жана коңшу Казакстан, Тажикстанга чейин тарайт. Ал тургай, Орусияга да жеткирилет. Соодагерлер жылына 2,5 миллион түп көчөт сатыларын айтышууда. Марказ айыл өкмөтүндөгү Арпа-Сай айылынын тургундарынын дээрлик баары союз учурунан бери эле көчөт өстүрүп жан багышат.

Мирлан Полотов жаштайынан жол боюнда көчөт сатуу иши менен алектенип келет. Бул ишти союз учурунда чоң аталары да аркалап, муундан муунга үйрөтүп келишкен. Кадамжай районундагы Арпа-Сай айылындагы 230 кожолуктун 80 пайызынын негизги тапкан кирешеси да көчөт соодасы менен байланыштуу.

— Көчөт өстүрүү ата-бабадан мурасталып калган. Бул кесип — муундан муунга уланып келаткан кесип. Көчөт өстүрүү иши менен алектенгениме 30 жыл болду. Алгач атамдан үйрөнгөм. А атам чоң атамдан үйрөнгөн экен. 

Арпа-Сай айылынын башчысы Мурзалим Юлдашев жемиш көчөтүнүн 10го жакын түрүн сатат. Ал негизги кардарлары жолоочулар экенин айтат.

— Арпа-Сай айылында алманын он бештей, өрүктүн онго жакын, шабдаалынын он беш чамалуу, курманын бештен ашык, кара өрүктүн төрткө жакын сорту бар. Ушулардын көчөтүн сатып, тиричилик кылабыз. 

Бирок, коңшу Өзбекстандан Кыргызстандын базарларына арзан жана сапатсыз көчөттөрдүн киргизилип жатышынан улам, багбандар көчөттөрдүн арзандап кетишинен кооптонуп турушат. Мындай учурда жылдап мээнет кылган багбандын кетирген чыгымы акталбай калышы ыктымал экенин багбан Абдисайит Назирбеков белгилейт.

Жалал-Абадга, Казакстанга жылына көчөт жөнөтөбүз. Өзбекстандан сапатсыз, арзан көчөттөрдүн келип жатканына байланыштуу, биздеги көчөттөрдүн баасы түшүп кетти. Калың элге кайрыларым, биздеги сатылып жаткан көчөттөрдүн сортуна кепилдик беребиз. Кокус, ар кандай себептер менен чыкпай калса, ордун алмаштырып алууга да болот. А Өзбекстандан келген көчөттөргө кепилдик жок. 

Мындай ойду Марказ айыл аймагынын башчысы Ислам Исмаилов да ырастайт.

— Өзбекстандан чыгып аткан көчөттөрдүн көктөп кетүү пайызы аз.Себеби алар эрте үзөт. Бизден климаттык шарты да эрте. Биздин көчөттөр Кыргызстандын бардык аймагында, жер тандабай өсөт. Анан да, көктөп кетүү пайызы бир топ эле жогору.  

Көчөттөр райондун Марказ, Майдан жана Масалиев айыл аймагында өстүрүлүп, жалпысынан 150 гектар аянтты ээлейт. 1 жылда 2,5 млн. даанага чейин көчөт сатылат. Жыл сайын көчөт сатуудан орто эсеп менен 250 млн. сомго жакын киреше түшөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM