Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Жападан жалгыз өзбек тилдүү мектеп авариялык абалда

Коом | 28 Мар 2019 | 600 | 0

Кадамжай  районунун Марказ айыл аймагындагы жалгыз өзбек тилдүү Мырза Улукбек атындагы орто мектеп авариялык абалда. Бирок ага карабастан, бул билимканада 300гө  жакын  өспүрүм  билим  алып келүүдө. Эки  жылдан бери мектеп мугалимдери Билим берүү министрлигине, Өкмөткө кайрылуу жазып келишет.

Мырза Улукбек атындагы орто мектеп 1958-жылы ашар жолу менен салынган. 2011-жылдагы жер титирөөдөн улам авариялык имараттардын тизмесине киргизилген. Бирок ага карабастан окуучулар кооптуу мектепте билим алышууда. Аталган  мектептин  мугалимдери  ата-энелер  менен  биргеликте  бир канча  ирет  тиешелүү  жерлерге  кайрылышкан. «Бирок, майнап чыкпай келет», — дейт мектеп директору Феруза Мусаева.

Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен мектептин алды оңдолуп, терезелери жаңыртылган. Бирок имараттын аркы тарабы, ичи коркунучтуу абалда. «Мектептин короосуна киргенден тарта, урап басып калбаса экен деп кооптонуп атып, сабакты деле толук өздөштүрө албай калабыз. Ичинде катуу басып жүрө албайбыз. Айрыкча, жаан же кар жааган күндөрү аябай коркобуз«, — дешет аталган мектептин окуучулары.

2013-жылдагы жер титирөөдө мектептин бир капталы урап калган. Мектеп директорунун айтымында, мугалимдер жыл сайын жаңы окуу жылы башталар алдында актап-сырдап, көчүп түшкөн жерлерин шыбап чыгышат. Бирок, эскилиги жеткен мектептин шыбагы бир жаан жааганда көчүп түшүп,  кайра мурдакы абалына келип калат. Марказ айыл аймагында өзбек тилдүү жалгыз мектеп болгондуктан, окуучулардын башка мектепте билим алуусуна мүмкүнчүлүк жок.

Марказ айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Тургунов жаңы мектеп курууга айыл өкмөттүн каражаты жетпестин, бул боюнча тиешелүү тараптарга бир канча ирет кайрылышканы менен натыйжалуу жооп болбой жатканын айтат.

-Бул мектеп боюнча  ЖК депутаттарына, Билим берүү министрлигине, курулуш агенттигине жана башка жактарга бир канча жолу кайрылгам. Бирок, мамлекеттик бюджетте акча жетишпейт деп, кайра узатып коюп жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусундагы 234 мектептин 23ү авариялык абалда. Ал эми 2018-жылы облус боюнча 5 жаңы мектеп курулуп бүткөрүлгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM