Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атамбаевди кармоо аракети болгон эмес

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 600 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча социалдык тармактардагы сөздөргө байланыштуу үн катты.

Атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан маалыматка ылайык, экс-президент Атамбаевди кармоо аракети болуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мекеме Таш-Мойнок айылында атайын операция жүргүзүлбөгөнүн айтып, соцтармактарда жалган маалымат таратуу аркылуу коомчулукту адаштыруу аракеттери жүрүп жатканын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM