Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чатагы боюнча Өкмөттүн маалыматын угат

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 725 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн жаңжал боюнча Өкмөттүн маалыматын угат. Жогорку Кеӊештин токтом долбоорун эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети алып чыгууда.

Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Парламентте бул маселе 20-мартта көтөрүлгөн. Премьер-министрдин жана бир катар тийиштүү мекеме жетекчилеринин жок болуп калганына байланыштуу маселе бүгүнкү жыйынга калтырылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM