Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Дордой» — «Алтын-Асыр» беттеши болот

Кыска кабар , Спорт | 3 Апр 2019 | 875 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Азия футбол конфедерациясы кубогунун тайпалык баскычынын алкагында «Дордой» футболдук клубу Түркмөнстандын «Алтын Асыр» футболдук клубун кабыл алат. Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

«Дордойдун» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кечээ маалымат жыйында командасы «Алтын Асырга» каршы беттешке даяр экенин, машыгууда жакшы даярдыктар көрүлгөнүн, аны команда оюн учурунда далилдей турганын билдирген.

«Биз өз талаабызда ойнойбуз, бул жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок атаандаш — турнирдин финалисти. Бизде алар тууралуу көп маалымат бар. Кызыктуу оюн болот. Биздин артыкчылыгыбыз – күйөрмандарыбыз», — деп кошумчалады ал.

Аталган мелдештин тайпалык баскычында «Дордой» клубуна «Алтын Асырдан» тышкары, эки тажикстандык клуб – «Истиклол» жана «Худжанд» атаандаштык кылат. Белгилей кетсек, АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз «Дордой» клубу катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM