Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Өзүбүздүн рынокту башка өлкөгө алдырып жатабыз

Күн чекит | 2 Апр 2019 | 785 | 0

«Актилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктундагы кырдаал дагы деле жөнгө салына элек. Акыркы маалыматтарда, кезек күткөн унаалардын саны 300гө чамалап калды. Казакстан тарап мындай кадамын аткезчилик жол менен товар алып өтүүгө каршы күрөшүүгө байланыштырууда. Кыргыз өкмөтү учурда сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. Аталган окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен маек курдук.

— Чыныбай Акунович, казак чек арачыларынын тыкыр текшерүүсүнүн себеби эмнеде?

— Бүгүнкү күндө Казакстан тарап: «Аткезчилик, контрафакт товарларды токтотуш үчүн күрөшүп жатабыз», — деген шылтоону бетине кармап жатышат. Алар мындай караганда өзүбүздүн өлкө үчүн, анын бюджети, элибиздин жыргалчылыгы үчүн күрөшүп жатабыз деген негизге барып такалып жатат. Бирок ошол кадамды мыйзамга алып барып байлап коюшууда. Кыргыз тараптын аларга жараша аракети болуш керек эле жок дегенде. Эскертүүлөр, талаптар болушу керек болчу. Кийин кайталанбашы үчүн Евразиялык бирдикте талкууларды өткөрүш керек эле. Тилекке каршы, ушундай нерселерден аксап жатабыз. Ошол эле мезгилде биздикилер: «Казакстандан аткезчилик жол менен товарлар кирип жатат», — деп айтып келатышты. Биздин өлкөгө эч кандай салык төлөбөй, же элге жарыгы тийбей эле жатат. Болгону айрым бир чоңдордун пайдасы үчүн иштеп жатканын айтып жатышат. Ал нерсенин артында күч органдар, мафия турганын айтып жатышат. Бирок эч кандай реакцияны көрбөй жатышат. Бул албетте, өлкөбүз үчүн эки кат сокку болуп жатат. «Силерден кирип жаткан товарларды текшеребиз, бирок бизден кирип жаткан товарды текшербейсиңер! Эмне кылып аласыңар?» — деген принцип болуп жатат.

— Анда чек арада контрафактылык көрүнүш казак тарапты тынчсызданта турганчалык олуттуу десек болобу?

— Алардын бетке кармаганы ушул болуп жатпайбы. Бизде дагы андай фактылар бар. Бирок, бизден ошого жараша иш кыла турган болсо, анда Казакстан да сестенип, контрафакт менен иштегендер ийинине кирет эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Бул биздин тиешелүү органдардын алсыздыгы, же өзүлөрү аралашкандыгынан кабар берет.

— Өкмөт бул маселени кантип чечиши керек? Кошуналарга кайсы бир ыкмаларды колдонуу менен таасир этүүнүн жолу барбы?

— Эми кандай гана маселе болбосун, ачык отуруп чечиш керек. Аны менен бирге Кыргызстан өзүлөрүнүн артыкчылыктарын колдонушу керек. Мисалы, Тажиктер Рогун электростанциясын куруп алгандай эле, биз Камбар-Ата — 1 сыяктуу ГЭСти ишке киргизсек болот. Ушул өңдүү эртеңки күнү кошуна өлкөлөр менен тең ата сүйлөшө тургандай деңгээлде иш жүргүзүүбүз зарыл болуп турат.

— Евразиялык экономикалык биримдикте ар өлкөнүн министрлери бар. Уюмдагы Кыргызстандын өкүлдөрү алсыз дегендер да жок эмес. Алардын да иш билгилигине, адискөйлүгүнө маани берүү керек да…

-Албетте! Бизде иштер жакшы жүрбөй жатканы, бизден баргандардын бат-баттан алмашканы, же көтөргөн маселеси көмүскө сакталып, бизге отчёт бербей жатканы ошондой ойлорго түртөт. Жок дегенде Евразиялык маселелер жаралып жатканда, анын ичинде Кыргызстан көйгөйлөрү дайыма көтөрүлүп, убагы менен отчёт берилип турса. Ал кадамдар өкмөттөн Жогорку Кеңештерге жетип турса, андай ой болбойт эле. Тилекке каршы, айтканыбыздай кадамдар болбой жатканы үчүн, бүгүнкү күндө ошентип айтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

— Бул маселени көтөрүп чыкканга депутаттарда мүмкүнчүлүк бар да. Айтып чыгуу оюңуздар барбы?

-Биз бул маселени көтөрүп эле келе жатабыз. Эл аралык комитетте да көтөрүлүп жатат. Карайлы деп аракет жасап жатабыз. Бирок канчалык ошондой нерселерди көбүрөөк көтөрсөң, ал сөзсүз түрдө ошондон бир жеке кызыкчылыкты күтүп жаткандай элес калтырат экен. Аракеттер менен ишке ашырсак, Жогорку Кеңеш тууралуу ар кандай кептерди айтып, жаманатты кылып койгонуна күбө болуп эле атпайсыңарбы.

-Чек арадагы чектөөнү чечүү өзүнчө маселе. Бирок жапа чеккен, чыгымга учураган ишкерлерге кенемте төлөө жагы да каралышы керекпи?

— Туура. ЕАЭБге кирген менен ошол өлкөлөргө кетип жаткан товарлар өтпөй калса, чыгымдарды көтөрөйүн деген эч кимдин оюнда жок. Чек арага туруп алып, буюмдарды аңтарып-теңтерип, товардын тамтыгын чыгарганына эч ким жооп берген жок. Кыргызстандан чыгып жаткан товарлар чек аралардан өтүп жатабы? Товарлардын кебетеси эч кимдин башын ооруткан жок. Бул кадам түздөн-түз ишкердин чөнтөгүнө урулган сокку болуп жатат. А ишкерлер кимге арызданарын билишпейт. Өкмөткө барса, алардын реакциясы өтө чабал, же көп учурда алсыз болуп калып жатат. Себеби ЕАЭБдин тиешелүү министрлери арыз жазып, кайрылууларын жасап жатышат. Алсак, экономика министрине, айыл чарба жана күч органдарына кайрылып жатканы туурасында маалыматым бар. Бир сөз менен айтканда өзүбүздүн рынокту алдырып ийдик, бирок алардын рыногун ээлей алган жокпуз.

Copyright © 2017 Maral FM