Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 1-апрелден 4-апрелге чейин жаан жаайт

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 525 | 0

Гидрометеорология агенттиги маалымдагандай, 1-апрелден 4-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү ыктымалы бар, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

4-6-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын  жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM