Биз менен байланышыңыз

Шевченко 7-апрелде Бишкекке келет

Кыска кабар , Спорт | 1 Апр 2019 | 581 | 0

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко жакынкы күндөрү Бишкекке келе турганын кабарлады.

Кыргызстандын Кулатуу эр таймаш федерациясы Instagram баракчасына жүктөгөн видеодо спортчу 7-апрель күнү Кыргызстанга келе турганы айтылган.

Спортчуну тосуп алууну жана жолугушууларды өткөрүүнү Кулатуу эр таймаш федерациясы уюштура турганы белгилүү болду. Анын алкагында Спорт сарайында күйөрмандар менен жолугуштуруу да бар.

Эске салсак, Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231-турниринин алкагында утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM