Биз менен байланышыңыз

Футзалда мушташкандар жазаланды

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2019 | 745 | 0

Бишкек шаарынын «Алга-Дордой» футзал клубунун оюнчусу Азамат Исабеков жарым жылга оюндардан четтетилип, 50 миң сом айып салынды. Мындай чечимди Кыргызстандын Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети кабыл алды.

Футзал боюнча Кыргызстандын быйылкы Кубогунун финалында «Алга-Дордой» менен «Строй Мир» беттешип, оюндун экинчи таймында Нурабек Кабылбаев («Строй Мир») топту кайра кайтарып алып, атаандаш оюнчу менен сүйлөшүп жатканда, кошумча оюнчулардын жана көрүүчүлөрдүн катышуусунда массалык мушташ башталган. Жыйынтыгында башкы калыс Нурбек Букуев «Алга-Дордойдун» оюнчусу Азамат Исабековду оюндан чыгарып, Нурабек Кабылбаевге сары айып кагазын көрсөткөн.

Дисциплинардык комитет Азамат Исабековду Кыргызстандын Футбол федерациясы өткөрө турчу турнирлерден 6 айга четтетип, ошондой эле 50 миң сом айып салуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле «Алга-Дордой» футзал клубу оюнчусу оюн аянтынан чыгарылганы үчүн 1 миң сом айыпка жыгылды.

Ал эми Нурабек Кабылбаев Кыргызстандын кубогунун 2019-2020-жылдардагы 4 оюнуна катыша албайт. Мындан тышкары 10 миң сом айып төлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM