Биз менен байланышыңыз

АКШда белгисиз жаран бейкүнөө адамдарды атып өлтүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 619 | 0

АКШнын Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында белгисиз жаран метродон элге ок чыгарып, эки киши каза болуп, эки адам жаракат алды.

Бул тууралуу шаардык полиция билдиргенин The Seattle Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аты-жөнү азырынча коомчулукка айтыла элек адам Сиэтл шаарынын түндүк тарабындагы метронун кире беришинен автобустагы жүргүнчүлөргө жана жеңил автоунааларга ок чыгарган. Кылмышкер көчөдөгү автоунаалардын бирин айдап качканга аракет жасаган. Бирок, башка унаалар менен кагылышып, полициянын колуна түшкөн.

Автобустун айдоочусу жаракат алганына карабастан, унаасын жүргүнчүлөрү менен коопсуз жайга жеткирип, каармандык көрсөткөн.

Бейкүнөө элге ок аткан адам эмне максатты көздөгөнү азырынча белгисиз, тергөө иши жүрүп жатат.



Copyright © 2017 Maral FM