Биз менен байланышыңыз

Индия космостук куралын сыноодон өткөргөнүн жар салды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 893 | 0

Индия өзүнүн спутникке каршы согуштук куралын сыноодон өткөргөнүн жар салды. Аталган курал жерге жакын турган орбитадагы аппаратты атып түшүрүп, сыноодон ийгиликтүү  өткөн.

Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн 27-мартта өлкөнүн элине жасаган кайрылуусунда белгиледи.

Индия бүгүнкү күндө АКШ, Орусия жана Кытай менен кошо дүйнөдөгү космостук алдыңкы державалардын катарына кирди. Биздин спутникке каршы куралыбыз жерге жакын турган орбитадагы аппаратты атып түшүрүп, сыноодон ийгиликтүү өттү. Эми Индия космосто да согушка даяр”, — деди Моди.

Аталган согуштук курал Индиянын космостук изилдөөлөр жана даярдоо уюмунда иштелип чыккан. Моди аталган уюмдун адистерин бул ийгилиги менен куттуктады.

Жер жүзүндө үч гана мамлекет мындай мүмкүнчүлүккө ээ – АКШ, Орусия жана Кытай. Бул Индия үчүн сыймыктануучу учур”, — деп кошумчалады премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM