Биз менен байланышыңыз

АКШ: Флориданын миңдеген тургуну электрсиз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 571 | 0

АКШнын Флорида штатынын 33 миңден ашык тургуну электр энергиясыз калды. Буга штаттын аймагындагы Броуард округунун электростанциясындагы жарылуу себеп болгон.

Бул тууралуу Miami Herald басылмасы жазды. Басылма белгилегендей, Florida Power & Light компаниясы аталган станциянын оператору катары саналат.

Жарылуу болгон жерде өрт чыккан. Компаниянын жана чукул кырдаалдар кызматынын кызматкерлери электр менен камсыздоону калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жатышат.

Жарылууда курмандыктар, жапа чеккендер болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM