Биз менен байланышыңыз

Административдик айып пулдар бюджетке которулбагандыгы аныкталды

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 609 | 0

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында: административдик айып пул катары төлөнгөн акча каражаты бюджетке которулбагандыгы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, жогоруда белгилеген кызматкерлер паспорттук-визалык режимди бузган чет өлкөлүк жарандарга 12 протокол түзүшүп, андан түшкөн 120 миң сом айып пулду бюджеттик эсепке которбостон, мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Аталган кылмыш Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды . Учурда Кылмыш-Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде сотко чейинки иликтөө-териштирүүлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM