Биз менен байланышыңыз

Орус лидеринин сапарында 30 келишимге кол коюлат

Коом , Саясат | 26 Мар 2019 | 681 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарында 30га жакын келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Мындан сырткары, Кыргызстан жана Орусия аймак аралык бизнес конференциясы өткөрүлүп, ага Орусия тараптан губернаторлор, ишкерлер, инвесторлор баштаган 700гө жакын конок катышары күтүлүүдө.

28-мартта Бишкекке Орусия лидери Владимир Путин келет. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, анда кабыл алынчу негизги келишимдер саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча болот. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр өтөт. Ушул жана башка олуттуу иштер каралары туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында кабарлады.

-Мамлекеттик сапар Кыргызстан — Орусия кызматташтыгын бекемдөө, союздук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктү жана достукту чыңдоо багытында уюштурулган. Бул иш-чаранын мазмундуу бөлүгү катары Кыргызстан — Орусия кызматташтыгынын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча кеңири пикир алмашуусу болот деп болжолдоодобуз. Ошондой эле тышкы саясатка да шарт түзүү маселеси каралып, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү туралуу да сүйлөшүүлөр жүрөт. 

Булардан сырткары, Путиндин мамлекеттик сапарында эки олуттуу иш-чара өтөт. Анын бири ишкердик жаатында болуп, ага Орусиянын аймактарынын губернаторлору, ишкерлер, инвесторлордон куралган 700гө жакын адам катышат. Алгачкы бөлүгүндө соода-сатык, санариптештирүү, айыл чарбаны өнүктүрүү багытында карым-катышты бекемдөө каралары айтылууда. Анда 30га жакын документке кол коюлат, — дейт Президенттик аппараттын Каржы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

-Төрт негизги тематикага бөлүп, жыйын өтүлөт:

Биринчиси, соода-экономикалык карым-катыш жана өндүрүштү жогорулатуу;

Экинчиси, технологияларды өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелери;

Үчүнчүсү, айыл чарбаны жана транспортту өнүктүрүү;

Төртүнчүсү, инвестициялык жана каржылык алаканы күчөтүү;

Буга удаа эле эки өлкөнүн ректорлорунун I форуму өтөт. Ага Орусиянын 40ка жакын жогорку окуу жайынан келген ректорлор жана расмий өкүлдөр, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 31 жогорку окуу жайдын ректору катышат. Негизги инвестициянын куралы — билим болуп саналат. Форумдун жыйынтыгында 70тей документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттик аппараттын бөлүм башчысы Назгүл Ташпаева коомчулукка кабарлады.

2014-жылы Орусия менен башталган эки ири долбоор аягына чыкпай калган. Айтсак, Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата ГЭСи. Муну менен бирге эле Кыргызстандын товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууда жеңилдиктер каралып, мамлекетке пайда алып келе турган кадамдар ташталышы керек. Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтты.

-Мен эки багыттагы документке кол коюлуусун күтөт элем. Биринчи маселе: ЕАЭБге киргенде көп жагдайлар бар болчу. Бирок биз ал мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алган жокпуз. Кыргызстандын ЕАЭБдеги товарларынын чыгышына кандайдыр бир жеңилдиктер каралабы? Анткени ЕАЭБге киргени биздин өлкөнүн тышкы соода алакасы жакшы өңүттө кете алган жок. Мисалы, Казакстанга өзгөчө режим беришти. Кыргызстанга ошондой шарт түзүп бере алабы? Экинчиси, 2014-жылы Орусия менен эки ири долбоор баштаганбыз. Бирок бүгүнкү күндө аягына толук чыккан жок. Ошондуктан мен чоң долбоорлордон жогорудагы эки ишти соңуна чыгарсак дейт элем.

Эске салсак, президент Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапар менен келери 2018-жылдын сентябрь айында белгилүү болгон. Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен жолугушуусунда, аны өзүнүн өлкөсүнө чакырган. Айта кетсек, Орусиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен алгачкы жолу келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM