Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Тоо этектеринде жаан, тоолордо кар жаайт

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 455 | 0

Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 27-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын тоо этектериндеги аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Ысык-Көлдө күн ачык болот. Тоолордогу жолдор тоңголок тайгак болот. Батыштан ылдамдыгы 4-9 м/с жел жүрөт.

Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +5…+10,  күндүз +15…+20,  Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Баткенде түнкүсүн +6…+11,  күндүз +16…+21,  Ош жана Жалал-Абад облустарнда түнкүсүн +6…+11,  күндүз +16…+21,  Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…+5,  күндүз +13…+18,  Нарын  облусунда  түнкүсүн -3…+2,  күндүз +12…+17

Эртең Бишкекте күн ачык болот. Батыштан сокко шамалдын ылдамды 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM