Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, 27-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын тоо этектериндеги аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Ысык-Көлдө күн ачык болот. Тоолордогу жолдор тоңголок тайгак болот. Батыштан ылдамдыгы 4-9 м/с жел жүрөт.
Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Баткенде түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Ош жана Жалал-Абад облустарнда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17
Эртең Бишкекте күн ачык болот. Батыштан сокко шамалдын ылдамды 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.