Биз менен байланышыңыз

Бишкекти Манаска айлантуу сунушталды

Коом , Саясат | 25 Мар 2019 | 2962 | 0

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбук баракчасына Бишкектин атын Манас деп өзгөртүү керек деген оюн жазып чыккан. Себеби борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатат деген ойдо. Экс депутаттын айтымында, өзгөртүү үчүн каражат биринчи орунда эмес, себеби жыл сайын борбордун аталышын жаңылоого көп сумма коротуларын айтат.

Бишкекти Манас деп өзгөртүү ой эмнеден пайда болду? Жакында эле баарыбызга белгилүү болгондой Казакстандын Астана шаарын, Нур-Султан деп бир күндө чечим чыгарып, өзгөртүп койду. Мындан улам, азыр заман өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, эртең бирөө чыгып Бишкек ким эле? деп борборубуздун атын түркүн-түстүү кылып өзгөртпөш үчүн алдын ала “Манас” деп атап койсок туура болот деген оюмду эле айтып чыккам. Бир нерсе болсо эле дароо каражатка шылтай беребиз. Мисалы көчөгө ат койсок, дагы башка иш жасаарда эле көтөрүп чыкканыбыз каражат. Негизи акчага такаган болбойт. Себеби жыл сайын шаарыбызды оңдоп-түзөгөнгө ансыз деле каражат бөлүнүп жатат, мен айтпайм бүгүн-эртең бардыгын өзгөртүш керек деп. Ар бир иштин өз убагы болот.

А бирок шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов мындай демилгени четке кагат. Ал кошуна өлкөнүн өнүгүп жаткан экономикасын туурабай, реалдуу эмес демилгени алып чыгууну кызык эмес деп эсептейт. Кыргызстанда ансыз деле көйгөй көп экенин эске салып, казынаны өлкөгө пайда алып келет турган, олуттуу иштерге жумшоону туура көрөт. Аны менен катар депутат буга чейин Биринчи май райондун атын Ч.Айтматов кылып өзгөртүүнү сунуштаган, бирок өкмөттөн жооп келе электигин айтты.

-Биринчиден бул эмне деген демилге? Эмне себептен келип чыкканы түшүнүксүз болду. Жакында эле кошуна мамлекетибиз, шаарынын аталышын өзгөрттү. Эгерде бирден-бир себеп ошол болсо, бул туура эмес жол. Өнүккөн өлкөнүн жакшы жагын алалы, көтөрүлүп жаткан экономикасын туурасак болмок. Менин оюмча бул демилге туура эмес. Анткени учурда Кыргызстанда канча көйгөй бар чечилбей жаткан. Ошолорду чечүүгө каражат жумшаш керек да. Борбордун аталышын өзгөртүүгө көп каражат кетет. Ал нерсени эл деле каалабайт болуш керек.

Бардык нерсе атына заты жараша болот. Бишкек шаарыбыз, борбор калаа деген талаптака жооп беришиши керек. Тилекке каршы бүгүнкү күндө талаптарга жооп бербейт деген оюн туризм минстринин мурдагы орун басары Максат Чакиев айтты. Анын айтымында жаңы калаа куруп, Бишкекти көчүрүү керек. Ошондо гана “Манас” деп ат ыйгарса болот.

-“Манас” деп өзгөртүүгө менин оюмча эч кандай кажети жок. Бардык нерсе атына заты жараша болот го. Бирок тилекке каршы борборубуз андай талаптарга жооп бербейт. Карап көрсөк, инфраструктура жагын карасак, борбор катары концепция, структуралык өнүгүү жагын алсак, биздин шаарыбыз борбор деген талапка жооп бербейт да. Кадимкидей эле бир чоң агломирация же шаар деп койсок болот. Ал эми Анкара, Вашингтон же ошол эле Астананы карап көрсөк. Борбор шаарыбыз, борбор катары курулган эмес. Ошондуктан мен ойлойм “Манас” деп атоонун эч кандай кажети жок деп.

Кыргызстандын борбору аталган Бишкек шаарын Манас деп өзгөртүүнү жергиликтүү жашоочулар кандай кабыл алышат? Бул демилгени колдойбу? Мына ушундай суроолор менен коомчулукка кайрылдык. Айрымдары макул болсо, башкалары демилгени четке кагып, ал сунушка короло турган акчаны карапайым элдин көйгөйүн чечсе деген маселелерди айткандар да болду.

-Менин оюмча Бишкек деп эле аталганы жакшы. Анткени Кыргызстандын атын, анын ичинде Бишкекти араң таанытып жатып, өзгөртүп койсок болбой калат.

-Өзгөртүш керек. Бишкек баатырынын эрдиктери тарыхта аз эле бар. А Манас атабызды кимдер гана билбейт? Мен колдомокмун.

-Жаңы Бишкек шаары деп көнүп келе жатканда, өзгөртүшпөй эле коюшса жакшы болмок.

-Кыргызстанда мындан башка дагы көйгөй көп го. Көтөрө элек ушул эле калды эле. Баары келип эле, каражатка такалат да туурбабы? Миграция маселесин чечип беришсинчи биринчи.

Эске салсак,Кыргызстандын борбору 1926-жылга чейин “Пишпек” деп аталып келген. Ал эми 1926-жылдан 1991-жылга чейин Фрунзе деп аталган. Ошол жылдан тарта, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек деп аталып келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM