Биз менен байланышыңыз

Атайын кызмат пара алып жаткан сот аткаруучуларды колго түшүрдү

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 615 | 0

Жалал-Абад олбусунун Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери Д.С. жана Ч.М. 25000 сом пара алып жатканда кармалды. Окуя 20-мартта катталганын улуттук коопсуздук комитети бүгүн кабарлады.

Бул мекеменин коррупцияга каршы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында ишке ашкан.

Такталган маалыматтарга караганда, кармалгандар, алимент төлөө боюнча 67 000 (алтымыш жети миң) сом өлчөмдөгү карызы бар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү тургундан 30 000 (отуз миң сом) өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Материалдар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ШИИБ ТКЖ киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM