Биз менен байланышыңыз

Маркум Бабырбек Жээнбековдун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 518 | 0

Бүгүн журналист, коомдук ишмер Бабырбек Жээнбеков акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы көрүстөнгө коюлду.

Коштошуу зыйнатына бийлик өкүлдөрү, саясатчы, коомдук ишмерлер катышып, анын журналистикага кошкон салымын белгилешти.

Бабырбек Жээнбеков узакка созулган оорудан соң 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бабырбек Жээнбеков 1951-жылы Талас областынын Киров районунда туулган. Эмгек жолунда райондогу пионервожатый кесибинен тарта, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору кызматын аркалаган.

Бабырбек Жээнбеков журналист катары бир нече гезиттерди негиздеген.

2013-жылы кыргыз Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору болгон.

Copyright © 2017 Maral FM