Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев бүгүн Сауд Арабиясында этнофестивалдын жабылышына катышат

Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 469 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Camel Fest» этнофестивалынын жабылышы бүгүн 23-мартта өтөт.

Мындан сырткары премьер-министрдин Сауд Аравия жетекчилиги менен бир катар эки жактуу жолугушуулары белгиленген.

«Camel Fest» этнофестивалынын жабылышына катышуу үчүн Өкмөт башчы Эр-Риядга кечээ барган. Халид атындагы эл аралык аэропорттон Өкмөт башчыны Эр-Рияд шаарынын губернатору ханзаада Фейсал бин Бандар бин Абдель Азиз жана САК айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль Фадли тосуп алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM