Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тургундар таза сууну такси менен ташып ичишет

Коом | 22 Мар 2019 | 1117 | 0

Баткен шаарында таза суу маселеси курч. Көйгөй көп жылдан бери чечилбей келгендиктен, жергиликтүү тургундар наразычылыктарын байма-бай айтышууда.

Зеби Муратованын көпчүлүк убактысы алыстан суу ташуу менен өтөт. Мындан улам сууга болгон төлөмдөрдү берүү ниети жок. Ал жашаган Булак-Башы конушунда таза суу тартыштыгы курч. Ошондуктан кезек күтүп сууга болгон муктаждык көп жылдардан бери чечилбей келгенин төмөнкүчө айтты.

-Бизде суу көп жылдардан бери көйгөй. Азыркы ичип жатканыбыз да шор суу. Бизге суу маселесин чечип берсе анан биз да сууга болгон төлөмдөрдү төлөйт элек. Суу чыкпаса кантип төлөйбүз.

Конушта жалпысынан 12 суу түтүкчөсү бар. Алардын айрымдарынан гана суу чыгат. Бирок ал да туруктуу берилбейт. Сааты менен берилген таза суу да толугу менен таза дегенге кепилдик жок дешет тургундар.

-30 жылдан бери ушул Булак-Башы кварталында жашаймын. Ошондон бери таза сууга жарыбайбыз. Суу түтүктөрү коюлгандан бери чыккан жок. Азыркы күнгө чейин чыкпай келет. Бул жерде жашоочулардын баары суу чыккан жерден автоунаа менен ташып ичишет. Унаасы жоктор такси менен ташыйт. Суу түтүгү курулганда да элден акча чогултулган. Бирок ал акча кайда сарпталганы белгисиз.

-Биздин конуш шаардын эң астында жайгашкандыктан бизге суу акырында келет. Мына ошондуктан суу аз келет же келбей калат. 12 суу түтүгү болсо, анын алтоосуна кээде суу чыгып, кээде чыкпайт. Калганынан суу чыкпайт.

Таза сууга болгон муктаждык Баткен шаарынын бир гана Булак-Башы конушунда эмес шаардагы башка жаңы конуштарда да бар. Тамаша-Жай конушунда 50гө жакын кожолук жашайт. Аларды түйшөлткөн эң башкы маселе — таза суу. Бул боюнча бир нече ирет шаардык бийликке кайрылуу жолдошкондугуна карабастан, жыйынтык чыкпай келгенин айтышууда.

-Сууга кезекке турабыз. Кээде кезек жеткичекти суу да токтоп калат. Кезек талашып урушуп кеткен да учурлар болот. Сууну күтүп чыкпай калган күндөр да болот

-Биз сууну такси менен ташып алып келебиз. Элге кыйын эле болду. Ушуну чоңдор чечип берсе жакшы болмок.

Жергиликтүү бийлик таза суу көйгөйү бар экенинен кабардар. Шаар башчысы Мамыржан Рахимов жакын арада таза суу долбоору ишке ашарын айтат. Долбоор иштей баштаса, 5 жыл аралыгында Баткен шаарында 100 пайызга суу маселесин чечилерине ишендирди.

Бизде таза суунун биринчи этабы башталды . Долбоор 5 млн 200 еврого бааланган. Бул 510 күндө бүтөт. Ошондо шаардагы 2200 кожолук 24 саат таза суу менен камсыз болот. Ага катар эле сметалык баасы 14 млн сом болгон саркынды сууну кетирген канализацияда ишке ашат. Ошондо 5-6 жылда Баткен шаары 100% таза суу жана канализация койгөйүнөн арылат.

Copyright © 2017 Maral FM