Биз менен байланышыңыз

Казакстандын жаңы президенти мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 946 | 0

Казакстандын жаңы дайындалган президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Токаев өзүнүн Твиттердеги баракчасында жазды.

Токаевдин билдирүүсүндө: «Аз маяна алган мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү боюнча өкмөткө тапшырма бердим. Анда айлыктарды көтөрүү планын ушул жылдын июль айынан июнь айына жылдыруу каралган»-деп айтылат.

Ошондой эле, жаңы президент мындай чечим өлкөдөгү миллиондон ашык кызматкерлердин жашоосуна таасир берерин жана социалдык абалын жакшырта турганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев 20-мартта кызматка расмий киришкен.

Copyright © 2017 Maral FM