Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 14 жашар бала октон каза болду

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 548 | 0

Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында жаш өспүрүм бир туугандар 2005-жылы туулган М.И. жана иниси 2007- жылы туулган И.М. ойноп жатышып, үйүндөгү жалгыз найлуу 16 калибирлүү ок атуучу мылтыкты алып, иниси ойноп жаткан учурда мылтык атылып кетип чачма ок агасынын башына тийген. Натыйжада М.И. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетбей каза болгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Маралга билдирди.

Аталган окуя боюнча Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы ок атуучу куралдын сактоо эрежеси бузулгандыгы жана мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда топтолгон материалдар тергөө ишине тиркелип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM