Биз менен байланышыңыз

Нооруз-2019: Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 486 | 0

Бүгүн 21-мартта таңкы саат 06:00дөн тарта Ала-Тоо аянтында өтүүчү майрамдык салтанаттар аяктаганга чейин ордо калаанын төрт чарчы Чүй-Эркиндик-Фрунзе-Тоголок Молдо көчөлөрү жабылат. Мындай чечим майрамдык салтанатта элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганын мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Салтанаттуу иш чаралар өтүүчү Ала-Тоо аянтына кирүү үчүн 12 жерде өткөрмө пункттар белгиленген. Алар Чүй-Эркиндик бульвары, Чүй-Панфилов, Фрунзе-Панфилов, Фрунзе-Орозбеков, Фрунзе-Раззаков, Абдумомунов-Эркиндик бульвары, Пушкин-Эркиндик бульвары, Чүй-Тыныстанов, Киев-Панфилов, Чүй-Логвиненко, Чүй-Тоголок Молдо, Чүй-Панфилов көчө кесилиштеринде жайгашкан.

Шаардык ички иштер башкармалыгы майрамга карата күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн Бишкек шаары боюнча 2 миң милиция жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 150 кызматкери тартылган.

Мындан сырткары майрамдык салтанаттар учурунда аянтта 2 медициналык тез жардам унаасы менен 1 өрт өчүрүүчү унаа нөөмөткө колган.
Жол кыймылы майрамдык салтанаттар бүткөндөн кийин саат 15:00дө жанданат.

Copyright © 2017 Maral FM