Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 712 | 0

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдады.

“Кылымдардан бери биздин региондун элдери зор шыктануу жана кубаныч менен белгилеп келе жаткан Нооруз майрамы элдерибиздин миңдеген жылдардан бери жашап келаткан каада-салттары жана баалуулуктары, асыл ой-максаттары жана умтулуулары канчалык улуу жана түбөлүктүү экенин көрсөтүп турат.

Биздин биргелешкен аракеттер жана саясий эркибиз менен кийинки мезгилде эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара диалог системалуу мүнөзгө ээ болуп, эки тараптуу мамилелерибиз стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү”, — деп белгиленет Өзбекстандын президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өсүүнү каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM