Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ош жергесинин тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 553 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунуну борбордук аянтында өткөрүлүп жаткан майрамдык салтанатка катышып, Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунда аткарылып жаткан бир катар иштерге токтолуп бардык иштер элдин социалдык жашоосун жакшыртууга багытталып жатканын баса белгилеп, кыргыз элине оомат  жана тынчтык тиледи.

«Урматтуу Нооруз майрамынын катышуучулары, урматтуу Ош жергесинин тургундары, сиздер менен көптөн күткөн, адамзаттын жан дүйнөсүндө үмүт татуулаган, кылымдардан кылымга уланып келе жаткан уулуу Нооруз майрамын белгилеп жатабыз. Сиздерди президент Сороронбай Жэээнбековдун атынан жана Өкмөттүк аппараттын атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз бул жаңы жылдын, жаңы жашоонун башталышы деп айтылгандай, кыргыз жеринде, экономикабызда жаңылануулар башталганын айткым келет,»- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM