Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Нооруз майрамы кандай белгиленет?

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 636 | 0

Бүгүн 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы майрамдык иш-чараларды уюштурат.

Мэриянын расмий сайтында айтылгандай, 21-мартта саат 10:00дө Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте Маданият министрлигинин алдында кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурат. Андан сырткары, этникалык коомдук бирикмелердин чыгармачыл жамааты шаардыктарга чакан концерт тартуулайт. Иш чарага Кыргызстандагы башка мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү да катышат.

Саат 11:30дан 13:30га чейин «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт болот. Чогулган элди майрамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен Бишкек мэри Азиз Суракматов куттуктайт.

Борбор калаанын төрт районунда дагы майрамдык иш-чаралар өтүп, спорттук мелдештер менен коштолот.

Ал эми “Ак-Кула” ат майданында “Нооруз-2019” көк-бөрү боюнча мелдешинин финалдык оюндары менен улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM