Биз менен байланышыңыз

Кыргыз делегациясы Якутск шаарынын башчысы менен жолукту

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 530 | 0

Бүгүн 20-мартта Кыргызстандын орусиядагы Элчилигинин, Миграция кызматынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Орусиянын Якутск шаардык округунун башчысы Сардана Авксентьева менен жолугушту.

Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар жергиликтүү элдин кыргыз жарандарына болгон нааразычылыктарына байланышкан кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты.

Буга чейин ЖМКларда кыргыз жараны жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккан. Мындан улам, Якутияда жашап, иштеп жатышкан кыргыз жарандарына болгон жек көрүү жергиликтүүлөр арасында күч алган.

Авксентьева учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын, Якутсктеги кыргызстандыктардын коопсуздугу камсыздаларына ишендирди. Жетекчи айым коркунуч пайда болор замат, токтоосуз жооп болоруна кепилдик берди. Ал ошондой эле кыргыз диаспорасы менен алдыда боло турган жолугушуу жана биргелешкен пландуу иш алып баруу боюнча пикир бөлүштү.

Кыргыз тараптан кылмыштуулуктун улуту жок экендиги айтылып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү өтүнүчү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM