Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанда эгин аянттары кеңейтилүүдө

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 612 | 0

Бүгүнкү күндө республика боюнча 156,2 миң гектар жер айдалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 65,3 миң гектерга көп. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын түшүмү үчүн жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң гектарга көбүрөөк болжолдонууда. Негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө басым жасалууда.

2019-жылы аба ырайынын ыңгайлуу шарттарына байланыштуу жазгы-талаа иштери былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө эрте башталган. Өлкөнүн Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка республиканын бардык облустарынын айыл чарба субьектилеринде жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү отчеттук күнгө карата жакшы темпте өтүүдө.

2019-жылдын түшүм үчүн себилген күзгү кылкандуу дан эгиндеринин 49.9 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрү республика боюнча 78,5 миң га себилип, тапшырма 26,2 % аткарылып, 2018-жылдын деңгээлине караганда 37,1 миң га көп эгилди.

Алардын ичинен жазгы буудай- белгиленген 116,5 миң га 24,9 миң га аянтына себилген, же тапшырманын 21,4%, аткарылган.

Жазгы арпа боюнча жалпы 182,7 миң га тапшырманын 53,6 миң га себилип, жумуш 29,3% аткарылып, өткөн жылга караганда 26,5 миң га көп себилди.

Ошондой эле, картөшкөнү отургузуу 3,2 миң га жерге жүргүзүлдү, же тапшырма 3,9 % түзүп, 2018-жылга караганда 300,0 га көбүрөөк себилди.

Copyright © 2017 Maral FM