Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президенттин милдети убактылуу жүктөлгөн Касым-Жомарт Токаев кызматка киришет

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 504 | 0

Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 20-мартта кызматка киришип, салтанаттуу ант берет.

Казакстандын Конституциясына ылайык казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин расмий түрдө президенттик кызматка киришет.

Иш чара парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жергиликтүү убакыт боюнча саат 12ге белгиленген.

Кечээ кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, президенттик ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM