Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Атамбаевге кошулуп, бийлик менен «согушуу» ниетим жок

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 984 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге кошулуп, бийлик менен «согушуу» ниети жок экенин билдирди.

Эл өкүлү Атамбаевди колдогондор менен ага каршы чыгып жаткандар өз убагында чогуу болгонун белгиледи.

«Мындан улам азыр Атамбаев жаман деп айтып чыгууга абийирим жол бербейт. Атамбев Конституцияга ылайык бийликти өзү убагында тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Ооба, Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары айта алам, анын кемчиликтери көп. «Мен ушундай жаралып калсам кантейин, ушундай жаралганым үчүн Атамбаев болуп келе жатам» деп айткан. Биз Атамбаевди 6 жыл президент көтөрүп алып, бүгүн ооруп калды, бейтапканага которуу зарыл деп айтуу туура эмес», — дейт Турсунбеков.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарып турган. Ал президенттик кызматты аркалап турган убакта саясаттан кете турганын көп эле жолу айткан.

Copyright © 2017 Maral FM