Биз менен байланышыңыз

Айбалаев: Кыргыз-тажик элин алмаштырып чек араны чечсе болот

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Мар 2019 | 1429 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайды жөнгө салуу үчүн жер алмашууга баруу керек. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анда Кыргызстандын чек арасындагы Ворух анклавы менен Тажикстандагы Мургаб, Жерге-Талды алмаштыруу керек. Тагыраагы, эки аймактын элин алмаштырып, көчүрүп келүү сунушу берилди.

-Бул үчүн эки өлкөнүн бийлиги сүйлөшүшү керек. Алар эле макул болсо, жергиликтүүлөр да көнөт. Калкты көчүрүп келүүдө эле чыгым болбосо, башкасын аткарса болот. Тажик бийлиги бул сунушка кандай карайт, ал жагы белгисиз.

Кошумчалай кетсек, Ворух – Кыргызстандын аймагында жайгашкан Тажикстанга таандык анклав. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, 504 чакырымы такталып, демаркацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM