Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, 4 күндөн соң 18-март күнү гана эки тараптуу келишимге келишти. Мындай келишимдерге союздан ажырагандан кийинки эгемендүү өлкөлөрдүн ортосунда бир канча ирет кол коюлган. Ал гана эмес, коңшулаш өлкөлөр ортосунда президент жана өкмөттүк, парламенттик деңгээлде түбөлүк достук боюнча келишимдер түзүлгөн. Натыйжасын көрүп жатабыз. Кечээкисинде эле кыргыз тараптан 3 киши жараат алса, тажик тараптан 2 киши каза таап, 10дон ашууну жараат алды. Мындай окуялар бүгүн эле пайда боло калган жок, жыл сайын байма-бай болуп келет. Бул көрүнүш жөнгө салынбаса, алдыда чоң балээнин башы болорунан күмөн жок. 18-март күнү эки өлкөнүн вице-премьер министрлери ортосунда түзүлгөн протоколдун жыйынтыгы да эки элдин ортосундагы ымаланы толугу менен жөнгө салбайт. Анткени 2014-жылы да ушундай эле маңыздагы келишим түзүлгөн, бирок арадан 5 жыл өтпөй кайрадан чоң чыр орун алды. Башкы себеп – келишимде көрсөтүлгөн чечимдердин ишке ашырылбагандыгы. Эки тараптын тең күнөөсү бар, бирок кыргыз тараптын үлүшү чоңураак деп эсептейм. Анткени Тажикстан мамлекеттер аралык чек аранын такталышына, тагыраак айтканда делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүүгө кызыктар эмес. Мунун жана жылда кайталанып турчу чегара чырынын себеби окшош, алар төмөнкүлөр:
Биринчиден, Тажикстандын Баткен районуна чектешкен аймактарында жер тартыштыгы аябай күч. Баткен районунун чегарада жайгашкан Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарында 30 000ге жетпеген калк жашайт. Ал эми ошол эле айылдарга коңшулаш Тажикстандын Чоркух, Сурх жана Ворух айыл аймактарында 100 000ден ашуун эл жашайт. Жер аянтын салыштырганда, жогоруда аталган кыргыз айылдарынын аянты коңшуларга караганда 5-6 эсе чоң. Тажик айылдарында жайыт жок, талааларда багууга аргасыз. Элдин жыштыгы жогору болгондуктан, Кыргызстанга акырындык менен кирип келет.
Экинчи маселе – суу тартыштыгы. Кыргызстандын тоолорунан агып түшкөн суулар Тажикстанга кирип кетет. Баткен району боюнча бардык айылдарда суу тартыш. Дарыяны бойлой тажик айылдары отурукташкандыктан, кыргыз айылдарына суу тажиктер аркылуу өтөт. Маселе ушунда. Жаз алды менен суунун жолун тосуп, чыр чыгаруунун дагы бир жолу катары ушуну себеп тутушат.
Негизги эки маселе ушул. Андан сырткары, Ворух анклавында жашаган калк Тажикстандын башка аймактарындагы тажиктер менен аралашып жашай алышпайт. Бул – азыркы мекендеген жеринен көчүп кетпейт дегендик. Натыйжада, уламдан улам Кыргызстан тарапка кирип келүүнү уланта беришет. Кысымга чыдабаган кыргыз айылдарынан акырындык менен эл көчүп отуруп, калк жылдан жылга азайып барат. Айыл жергесиндеги көпчүлүк жаштар миграция менен Бишкек шаарына жана Орусияга эмгектенүүгө кетишкен.
Биздин өкмөт канчалык аракет кылбасын, иш жүзүндө Тажикстан чегараны тактоого кызыктар эмес. Акыркы 10 жылдагы кайталанган чыр-чатактар буга далил. Демографиялык өсүү, жер тартыштыгы ушул кадамга барууга мажбур кылат. Андыктан, Тажикстанды чек араны чечүүгө мажбурлаш керек. Кечээги чыккан чырдан пайда болгон мүмкүнчүлүктү кармап, чек араны кайра ачпай туруп сүйлөшүү жүргүзүш керек болчу. Утурумдук чечим менен кайрадан элди алдаган кадам болду. Кыргызстан дене болсо, Ворух анклавы андагы жара сыяктуу. Биздин жетекчилер жарага майды сүйкөп гана тим болуп келет, а чынында түпкү тамырын кыркууга чама-чаркы жетпейт. Жогоруда жайгашкан тажик айылдарынын элинин бир гана максаты бар – кандай шартта болсо да Ворух айылын өлкөнүн негизги аймагы менен туташтыруу. Бул үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Таш ыргытуудан баштап ок атышууга чейинки чырлар майда көрүнгөну менен жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып, акырындык менен айылды таштап кеткен кыргыздар аз эмес. Бул агым келечек үчүн өтө кооптуу. Чек арада жашаган алакандай элдин көчүп кеткенинин натыйжасында Баткен районунун жарымы жана Лейлек району анклав болуп калуу коркунучу бар.
Иллюстрациялык сүрөт. Мындагы көрсөтүлгөн маалыматтар болжолдуу, расмий эмес.
Маселени чечүүнүн бир гана жолу бар – кыска аралыкта чек араны делимитациялоо. Чегара так-даана чийилмейин тажик айылдары Кыргызстан тарапка жылып келе берет. Жана сүйлөшүүлөрдө сөзсүз түрдө жергиликтүү элдин пикири эске алынуусу керек. 18-мартта келишилген протоколдун жыйынтыгы да элге ачык угузулган жок. Жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү нааразы. 2009-жылы да ошол кездеги Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаровдун ушундай бир келишимге кол койгону ачыкка чыкпай, арадан 10 жыл өткөндөн кийин элдин оозун ачырууда. Бүгүнкү келишим да 10 жылдан кийин кыргызстандыктарга чоң сюрприз болушу толук мүмкүн. Маселенин баары ушунда. Мамлекет менен элдин ортосундагы мамиле түз жана так болмоюн, кырдаал ого бетер күчөгөндөн күчөй берет. Бийлик эл менен эсептешкенди билиши шарт.