Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде ишембиликке катышты

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 784 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде ишембиликке катышты. Бул тууралуу Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчысы менен кошо Президенттин Аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 16-мартта, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ишембилик өткөрүштү. Ишембилик Куран окутуудан башталды.

Ишембиликте мемориалдык комплекстин аймагы жана анын айланасы тазаланды.

Кыргызстанда бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкө жарандары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, көчөттөрдү отургузууда.

Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM