Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Биргелешкен тергөө топтору түзүлөт

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 529 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен тергөө топтору түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө шарттарды талкуулашты. Ошондой эле тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Эки тараптан жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет», — деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM