Биз менен байланышыңыз

Разаков: Ак-Сай – Тамдык жолу Кыргызстандын аймагында

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 801 | 0

Баткендеги Ак-Сай – Тамдык жолу Кыргызстандын аймагында жана аны курууга бизде мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу жасаган билдирүү жасады, аны өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын чек ара тилкесиндеги окуя боюнча экинчи ирет тажик тарап менен сүйлөшүүлөр өтүп, кыргыз тарап тийиштүү шарттарын койду. Тажик тарап да эли менен сүйлөшүп, иш алып барышат. Тажик тарап жаңжал учурунда каза болгон кишилер да бар экенин айтышкан.

Бул боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги тарабынан сунуш берилип, биргелешкен тергөө топторун түзүп, тергөөнүн жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма берилди.

“Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолу салынгандан бери мен өзүм бул жерде губернатор болуп иштегенмин. Бул атайын коомдук абал курчуганда, абал оорлошкондо биздин жарандар жүрүш керек деген максатта курганбыз. Кечээ күндөн тартып ошол жолду дагы калыбына келтирүү иштери башталды. Лейлектен келген биздин жарандар Баткенге өтүп, Баткенден Лейлекке барам дегендер ошол жакка өтүп жатышат”-деди Разаков.

Ал эми чоң жүк ташуучу унаалардын өтүшү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM