Биз менен байланышыңыз

Баткен: 100гө чукул жүк ташуучу унаалар токтоп турат

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 664 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында кырдаалдан улам Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан Ош-Исфана авто жолу тосулду. Учурда Баткен шаарынан чыгып жаткан жолдо 100гө чукул жүк ташуучу автоунаалар токтоп турат. Бул унаалар күйүүчү май, жер семирткич жана курулуш материалдарын Бишкек-Ош шаарларынан алып бара жатышкан. Үч суткадан бери жолдун ачылышын күтүп жатабыз дейт айдоочулар.

Жолду жаап коюп, мына үч суткадан бери турабыз. Тамак-аш кымбат, жеген ичкенибиздин баары акча, күйүүчү май кымбат. Жол киребизди актабайт. Ошого биз азыр эмне кылышыбызды билбей турабыз. Лейлек районунун Кулунду элине жазгы талаа жумуштарына күйүүчү май, жер семирткич, үрөн алып бара жатканбыз. Эми жазгы талаа жумуштары да кечигип жатат. Ошондой эле алыскы каттамдагы айдоочулар да кыйналып калышты.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасы 13-мартта жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM