Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Жолдон башталган чыр

Коом | 14 Мар 2019 | 1295 | 0

13-март күнү түштөн кийин башталган Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын  Исфара аймагындагы Ворух анклавынын ортосундагы жолдун айынан чыккан чыр биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Беш жыл мурун ушул Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу башталганда да тажик тарап нааразчылык билдирген. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев жол тууралуу мындай дейт.

Ак-Сай-Тамдык жолунун салуунун максаты Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарынын жайыт пайдалануучуларынын жолу. Ошол жолду кеңейтүү максатында биз 3 күндөн бери иштеп жатканбыз. Тожикон айылынын тургундары биз иштеп аткан жолго чыгып тракторчуну кубалап, чек ара кызматкерлерине да баш ийбей алардын унаасын талкалап, ташбаранга алышты.

Эки тараптын жергиликтүү тургундары катышкан жаңжалдан эки күн мурун окуучулар ортосунда да чыр чыкканын Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова мындайча түшүндүрдү.

-Тажик тараптын мектеп окуучулары биздин окуучу кыздарды сөгүп сагып, ур токмокко алып тийишип, шылдыңдашкан. Мындай көрүнүш бала бакчадагы балдарга да жасалган. Элди араң басып, тынчтыка, ынтымака чакырып түнкү саат 2ге чейин эл менен жүрдүм.

Бир күн мурун болгон окуяда тажик тарап биринчилерден болуп таш ыргытып баштагыны айтылат. Ортодо ачуу сөздөр айтылып топ адамдар жабыла мушташка аралашып кетишкен. Кечки жетилер чамасында Тажикстандын жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун Тажикстанга чектеш өткөн жеринде Төрт –Көчө деген аталышындагы аймагында жол тосушкан. Ал эми Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Исфара-Ворух жолунун Баткен районунун Аксай айылынан жолду тосуп чыкканын Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова.

Тажиктер биринчи чыгып кыргыздарды ташбараңга алышты. Тракторлорду талкалап, анысы аз келгенсип, тракторчуну да сабап салышты. Ошонун айынан чыр башталды. Тажик тарап биринчи жолду тосуп салды.

Бирок кечки саат 20:30 да кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал кайрадан курчуп кеткен. Тажик жарандары тарабынан жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир унаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнү кабарланды. Өрт өчүрүүчү топту Тажикстандын жарандары коё бербей койгону да айтылууда. Конфликт учурунда Кыргызстандын бир жаранына ок тийип ал тез жардам унаасы менен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинген. Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган Нурбек Жороевге дарыгерлер тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп операция жасалган. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык дейт Баткен облусттук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбков.

-З0 жаштагы жаран октон сол көкүрөгүнөн жаракат алып, тез жардам унаасы менен келди. Ыкчам түрдө операция жасалды. Учурда жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор бирок туруктуу. Биз тараптан керектүү жардамдар берилүүдө.

Тажик тараптан кырдаал боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду. Бирок расмий эмес маалыматтарга ылайык бир тажик жараны ок тийип каза болгондугу айтылууда. Ошондой эле тажик тараптан бир жарандын сарайы күйгүзүлгөн. Азыркы учурда конфлик болгон аймакта кырдаал туруктуу, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө деп билдирди Мамлекттик чек ара кызматынын Баткен башкармалыгы боюнча чек ара кайтаруу бөлүмүнүн башчысы Айбек Орузбаев.   

-Учурда абал туруктуу. Жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнун маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын  айтымында  учурда эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

-Жол убактулуу жабык. Бирок тынымсыз эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Эки облус башчылары да сүйлөшүүдө. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да ошол жерде жүрөт. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр журүүдө.

Учурда чыр чыккан аймакты чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана жолун тосуп койду. Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Ош-Исфана жолунда бара жаткан 100гө чукул унаа, тажик аймагын кесип өтө албай, топтолуп турат. Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда.

Copyright © 2017 Maral FM