Connect with us

Айжигитов: Чек ара чатагы тажиктерге пайдалуу болууда

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 1064 | 0

Убактылуу болсо да кыргыз тажик чек арасына чек ара сызыгын коюу зарыл. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек араларды тактоону тездетүү зарыл. Бирок бул маселе дароо чечилбейт. Анткени эки эл ортосунда жолдор, суу, жайыт талаш.

Ошондуктан убактылуу чек ара деген түшүнүктү киргизүү зарыл. Айжигитовдун айтымында, чек ара сызыгынын айланасында укуктук талаа болот. Ал сызыктын айланасында 200 метрлик аралыкка эч кандай иш жүргүзбөө керек.

Бүгүнкү күндө тажиктердин сүйлөшүүгө каалоосу жок. Себеби аларга азыркы абал пайдалуу болуп турат. 2008-жылы талашсыз деп табылган жерлер талаштуу болуп калууда. 50 жылдан бери бул жагдайды системага салып койсо болмок. Ал жерде суу, жайыт, жол маселеси курч”- деди Айжигитов.

Баткен облусунун Аксай-Тамдык жолу кыргыздар жайлоого чыккан жол. Кыргыздар Ворух анклавын аралап өтөт. Ошол кезде тажиктер кыргыздардын айдап бараткан малын короого киргизип алчу. Азыр да абал ушундай. Мындан улам азыркы жолду курууда тажиктер каршы болгон эмес. Административдик чек ара боюнча жол курулуп жаткан жер талашсыз болуп жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM