Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 14-мартта “Ийгилик сыры” аттуу форум өтөт

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 781 | 0

“Мутакалим” Аялдардын прогрессивдүү коомдук Бирикмеси “Аялдардын коомдук жашоого катышуусун активдештирүү” долбоорунун  жана Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата эртең, 14-мартта, “Ийгилик сыры” аттуу форумун өткөрөт.

Форумдун максаты – айымдарды коомдун жашоосунда активдүү болууга үндөө, ийгиликке жетүүгө шыктандыруу. Иш-чаранын алкагында диний көз карашына карабастан, айымдардын ийгиликтерин элге жайылтуу менен бирге коомдун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө айымдарды салым кошууга чакыруу.

Форумда Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү баш болгон белгилүү лидер айымдар жана бир катар элчиликтердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM