Биз менен байланышыңыз

Жашоо сапаты мыкты шаарлардын рейтинги жарыяланды

Кыска кабар | 13 Мар 2019 | 731 | 0

Эл аралык консалтинг боюнча Mercer уюму 13-мартта жашоо сапаты мыкты шаарлардын рейтингин жарыялады. Рейтинге жалпы 231 шаар катышты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн  ичинен Алматы шаары 177-орунда болуп алдыда турат. Андан кийин Ташкент 203-орунда. Ал эми Бишкек шаары  206-орунду ээледи.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад 211-орунда болсо,  Душанбе шаары  215-орунда.

Австриянын борбор шаары Вена акыркы он жыл катары менен дүйнөдөгү турмуш сапаты эң мыкты шаар деп табылып келет.

Тизмеде экинчи орунду Швейцариянын Цюрих шаары, үчүнчү орунду Канаданын Ванкувер шаары менен Германиянын Мюнхен шаарлары алды.

Рейтингде жашоо сапаты эң төмөн шаар катары Ирактын Багдад шаары табылган.

Рейтингди жүзөгө ашырууда изилдөөчүлөр шаардык транспорт, билим берүү, сапаттуу турак-жай, саламаттыкты сактоо, маданий иш-чаралар, экономикалык жана саясий туруктуулук жана башка факторлорго карап жыйынтык чыгарышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM