Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Кемчиликтер кемидиби?

Коом | 12 Мар 2019 | 827 | 0

4-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин аппараттык программалык комплекстерден 10569 эреже бузуу боюнча маалымат түшкөн. Анын ичинен “Коопсуз шаар” долбоорунун мониторинг борборунда 4673 жол эрежеси бузулгандыгы такталып, электрондук форматта токтом чыгарылган. Тастыкталган эреже бузуулар боюнча айып кагаздар Кыргызпочтасына унаа катталган дареке жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн.

Коопсуз шаар долбоору иштеп баштагандан кийин жарандар тарабынан жол белгилери, жолдогу сызыктардын жоктугу жана унаа тыгындарынын көбөйгөндүгү сыяктуу кемчиликтер айтылган. Аталган маселелерди чечүү үчүн атайын иш аракеттер жүргүзүлгөн. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

-Жол белгилеринин жоктугу, жол чырактардын дал келишпестиги сыяктуу кемчиликтер болуп келген. Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясы, Транспорт министрликтери менен биргеликте жалпы эле жол инфраструктурасын жакшыртуу иш аракеттерин жүргүзүүдө.

Катталган жол эрежесин бузуулар мониторинг борборунда тастыкталгандан кийин Кыргызпочтасы унаа катталган дареке жеткирет. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев чет элдик номер менен жүргөн унаа эреже бузса, айып кагаз кандай тартипте жеткирилери тууралуу кызыкты. Ыманалы Саркуловдун айтымында бул жагдай боюнча чек ара кызматы менен биргеликте иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

-Аппараттык комплекс чет элдик унаа номерлерин окуй алат. Биз чек ара кызматы менен жол эрежесин бузган башка өлкөнүн жарандарын чек арадан чыгаарда төлөтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдөбүз. Чек-ара кызматында сырткы миграцияны бирдиктүү каттоо программасы бар.

«Коопсуз шаар» 5 жылдык долбоор. Долбоор өзүн-өзү актоосу үчүн жылына 2 миллион айып бузуу катталышы керек. Бүгүнкү иштеп жаткан 10 камера менен план толгон жок. Демек коопсуз шаар долбоору туура эмес ишке кирди. Мындай оюн депутат Рыскелди Момбеков айтты. Анын айтымында бүгүнкү күндө иштеп жаткан долбоор өзүнүн аталышына дал келбейт.

-Коопсуз шаар деп 10 камера иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин унаа уурдоо каттадыңарбы? Бир кылмышкер таптыңарбы? 10 кишини жолдо жүрүү эрежесин бузганы үчүн таптыңарбы? Тапкан жоксуңар. Анткени силер сызыктан өткөн унааларды эле тактап жөнөтүп жатасыңар. Бул деген коопсуз жол, коопсуз шаар эмес. Шаардын коопсуздугу жөнүндө маселе жок. Аэропортто камера жок, мамлекеттик ишканаларда жок, Ички иштер министирлигинде жок, Улуттук коопсуздук кызматында да жок. Каяктагы коопсуз шаар жөнүндө айтып жатасыңар?!

Кошумчалай кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2-этапта коюлган камералар 2 жумадан кийин ишке кирет. Бул тууралуу долбоорду аткарып жаткан орусиялык “Вега” компаниясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кабелдерди жер алдынан алып өтүүгө мүмкүн болбогондуктан,  зымдар эми жер үстү менен өткөрүлөт. Ал үчүн эки жумадай убакыт керектелет.

Copyright © 2017 Maral FM