Биз менен байланышыңыз

Казакстандык QAZAQ AIR Кыргызстанга туруктуу каттамдарын баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 1223 | 0

21-мартта Казакстандын регионалдык QAZAQ AIR авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга биринчи рейсин ишке ашырат. Андан кийинки учуулар бир жумада 2 жолу болот. Билеттердин баасы баардык салыктарды эске алганда бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу 30 мүнөткө созулат.

Мындан тышкары, апрелдин аягында QAZAQ AIR авиакомпаниясы Ош жана Алматы каттамы боюнча рейстерин баштайт.

«Нооруз майрамынын алдында биз Бишкек менен Алматы шаарларында эки бир тууган элдердин тез жана коопсуз саякат кылуусу үчүн жагымдуу шарт түздүк«, — деп айтты QAZAQ AIR авиакомпаниясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Адель Даулетбек.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM