Биз менен байланышыңыз

Эне тилди жана нукуралуулукту жайылткан «40 кыз»

Коом | 11 Мар 2019 | 1167 | 0

Бүгүн, 11-мартта Бишкекте «40 кыз» долбоору башталды. Аталган долбоор боюнча кыздар «Кыргызтест» мекемесине барып, эне тили боюнча өз билимин текшерди. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17-25 жаштагы 40 кыз тандалып алынган.

Айжамал Бабыркулова Манас районунан тандалып чыккан кыз. Ал 19 жашта. Бул долбоорго жакындарынын сунушу менен катышып калганын айтат. Тестке жыйырма күн даярданган, эми болгон күчүн жумшап, ийгиликтин баары алдыда деп ишенет.

-Мен бул долбоорго убакыт коротуп, катышканым үчүн эч качан өкүнбөйм. Анткени аз убакыттын ичинде көп нерсе үйрөнүүгө үлгүрдүм. Бүгүнкү тест боюнча айтсам мага кыйынчылык деле туудурган деле жок.

Бүгүн «Кыргызтест» мекемесинде “40 кыз” долбоору башталып, анда 40 райондон тандалып алынган кыздар кыргыз тилинен экзамен беришти. Сынак баш-аягы үч саатка созулуп, беш баскычтан турду. Баардыгы компьютер аркылуу тапшырылып, жооптор кабыл алынды.

Аталган иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева долбоордун алкагында кыздарды тандоо эрежесине жана коомдо кыргыз кыздарынын дарегине начар пикирлер айтылып жатканына токтолду. Аны менен катар долбоорго катышууну каалаган айрым кыздар кастингде кыргызча билбегендер болгонун айтты.

-“40кыз” долбоорунун концепциясын эки айда жазып бүтүрдүм. Себеби акыркы кезде кыргыз кыздарынын журүм-турумдарына жаман сөздөр айтылып жатат. Фабрикадан чыккандай эле нукуралуулук жоюлуп, жасалма  сулуулукка өтүп кетишти. Ар бир облустан жыйырмадай кыздар сунушталып, атайын кастинг аркылуу тандап алдык. Бирок тилекке каршы катышууну каалаган кыздардын арасында, кыргызча сүйлөй албагандарды да кездештирдик. Бүгүнкү тестке жалпысынан жыйырма күн даярданышты.

“Кыргызтесттин” тарыхында биринчи жолу өзүнүн каалоосу менен келип, кыргыз тилинен экзамен тапшырып жаткандар “40 кыз” долбоору болду дейт аталган мекеменин директору Батма Топоева.

Анын айтымында, тест беш баскычтан түзүлгөн. Бирок ага карабастан даярдык менен келген кыздар оңой эле өтөт деген ишеничте.

-Буга чейин мамлекеттик кызматкерлер, өздөрүнүн кызматына тийиштүү талап аркылуу келип жатса, “40 кыз” долбоорунун катышуучулары өздөрүнүн каалоосу менен келип экзамен тапшырышууда. Тест жалпысынан беш бөлүктөн турат. Келген кыздарга ийгилик каалайм. Мындай кадамдар кыргыз элин кубандырат деген чоң үмүттөмүн.

Бул долбоорду колдоп, атайын Талас облусунан келген “Ак элечекчен аялдар” коомунун төрайымы Чолпонай Эркинбекова улуттук көйнөк кийген кыздарды көрүп, кубанычы койнуна батпай жаткан чагы. Курманжан Датканын урпактарынын учу кур эмес экенин айтып, улуттун жүзүн сактап калуу керектигин баса белгилейт.

-Биздин кыргыз кыздар келген апаларды кубандырып жатат. Кыздарыбызды көрүп, салтты улай турган, улуттук кийимди кие турган жаштарыбыз бар экен деген ой жаралды. Келечекте Курманжан Даткадай, Каныкейден энелерибиздей болоорунан күмөнүм жок.

Быйыл мамлекеттик тилге 30 жыл толот. Ошонун негизинде эне тилди өнүктүрүүнүн негизинде долбоор түзүлгөн дейт долбоорду уюштуруучулардын бири Канышай Мамыркулова.

-Бул иш чаранын негизги максаты эне тилди жайылтуу. Себеби улуттун өзөгүн түзгөн бул-тил. Быйыл мамлекеттик тилге отуз жыл толот. Ушунун алкагында эне тилдин барк-баасын жогорулаталы деген максатта өткөрүп жатабыз.

Эскерте кетсек “40 кыз” долбоордун экинчи бөлүгү 12-мартта «Супара» этно-комплексинде улантылып, анда кыздар камыр жууруп, кесме кесип, күчүн сынашат. Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт.

Ал эми 14-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайында улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM