Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде 14-мартта ичүүчү суу өчөт

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 720 | 0

Бишкектин айрым жерлеринде 14-мартта саат 9-00 дөн 17-00 чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Киркомстром» суу башатындагы профтилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү менен чектелген аймакта ичүүчү суу токтотулат.

Мындан сырткары:

— «Бишкектеплоэнерго» казанында,

— ААК «БСМ»,

— ЖЧК «Нургаз» (газ толтуруу),

— Бекбоев медициналык борборунда,

— “Васипов” кичи нан чыгаруучу ишкана

— «Бактылуу Өлкө» бала бакчасында,

— Балдарды коргоо борбору,

— №37 Балдар комбинаты,

— №42 орто мектеби,

— № 97632 аскер бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM