Футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Оштун “Алай” клубу эртең 12-мартта Украинанын «Колос» командасы менен беттешет.
Бул тууралуу оштук команданын ЖМКлар боюнча менеджери Кубанычбек Ураимов Маралга билдирди. Анын айтымында, экс-чемпиондор учурда Түркияда машыгуусун өткөрүп жатат. Украиналык команда менен машыгуу-көзөмөл оюну өтөт. Быйылкы сезондо командагы жаңы келген футболчуларды сыноо жүрөт дейт ал.