Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Өмүралиев Түркияга элчи болот

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1278 | 0

Дипломат Кубанычбек Өмүралиев Түркияга элчи болот. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараткан кабарда айтылат. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган.
Кубанычбек Өмүралиев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси болуп иштеп келген. 2016-жылдан тарта Латвия, Литва жана Эстонияда да Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келген.

Copyright © 2017 Maral FM