Биз менен байланышыңыз

Бейтапты алып бараткан Тез жардам унаасы аварияга учурады

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 561 | 0

Бишкекте Бейтапты алып бараткан тез жардам унаасы аварияга учурады. Кырсык кечээ 8-мартта кечинде Бишкектин Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, Дэу үлгүсүндөгү унаа менен Ниссан үлгүсүндөгү тез жардам унаасы кагышкан. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматкери Тилек Оторов “Маралга” бүгүн билдирди.

Жол кырсыктан эки унаанын айдоочулары, дарыгер жана эки фельдшер жаракат алып, ооруканага кайрылган.

“Дэу унаасын Бишкектин 18 жаштагы тургуну башкарып бараткан. Жол кырсыгы боюнча маалымат Бишкек шаардык жол транспорт кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- дейт Тилек Оторов.

Copyright © 2017 Maral FM