Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын берди

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 1268 | 0

Жапон өкмөтү гранттык программанын алкагында Кыргызстандын «Тоодо куткаруу» коомдук фондуна төрт тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Белгиленгендей, унаалар «Тез жардам унаалары» долбоорунун алкагында берилген.

2019-жылдын 1-мартында кол коюлган гранттык келишимге ылайык, аталган долбоордун алкагында жалпы суммасы 96 171 долларга бааланган жабдыктары менен төрт тез жардам унаасы өткөрүлүп берилди.

Тез жардам унаалары коомдук фонд тарабынан Бишкек, Каракол жана Ош шаарларында колдонулат. Ошондой эле, эки унаа Кемин жана Ак-Суй райондук аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, Япониядан келген инструкторлор тарабынан айдоочуларга унаанын өзгөчөлүктөрү жана кантип колдонуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Унааларды расмий тапшыруу иш-чарасы эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин өткөрүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM