Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып кармалды

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 882 | 0

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкамалыгынын тергөөчүсү Б. аттуу айымдан 300 АКШ доллар пара талап кылып, каражатты алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Учурда мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө жайына камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, тергөөчү акчаны айымдын агасына козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча талап кылган. Милиция жана атайын кызматтын (УКМК) биргелешкен тергөө-ыкчам иш чараларынын жыйынтыгы менен Ленин райондук ички иштер башкамалыгынын 2 тергөөчүсү кылмыш үстүнөн кармалган.

Ыкчам иш чара 8-мартка караган түнү Бишкектин темир жол бекетинин айланасында болгон.

Кармалгандардын бири УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы аёсуз күрөш уланарын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM